Главная>> Пресс-центр>> Новости>> Просмотр одного материала

Базар-Коргон районуна жаны жогорку кубаттуулуктагы трансформатор орнотулду.

Опубликовано: 20 декабря 2016, 15:12

Базар-Коргон районуна жаны жогорку кубаттуулуктагы трансформатор орнотулду.

     Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айылындагы 35/10 кВА “Кара-Үңкүр” көмөк чордонунда электр энергияга болгон керектөөлөр жогорулагандыгына байланыштуу 6300 кВА трансформаторун Кытай өндүрүшүнөн чыгарылган жогорку кубаттуулуктагы 10 000 кВА трансформаторго алмаштырылды.

Ушул эле көмөк чордондогу ВК-10 үлгүсүндөгү жандырып-өчүрүүчү аппаратын  Корея өндүрүшүнөн келген  SUSOL тибиндеги 4 даана вакуумдук өчүрүп жандыруучу аппаратка алмаштырылды. Аталган “Кара-Үнкүр” көмөк чордонундагы эски трансформатор Ноокен районуна караштуу Ленин көмөк чордонундагы т-2 4000 кВА трансформатордун ордуна коюлат, бул жерде дагы кубаттуулук жогорулайт.