Башкы бет>> Пресс-борбор>> Суроо-жооптор>> "Кыргыз Туусу" гезитине берилген жооптор

"Кыргыз Туусу" гезитине берилген жооптор

Добавлено: 28 мая 2015, 15:05

 1.  Өткөн кышта электр энергиясындагы муктаждыктын көлөмү канча болгон?

Өткөн жылдагы энерготутумунун иштөө режимин талдоо көрсөткөндөй, күз-кыш мезгилинен (ККМ) жеткиликтүү өтүү үчүн Токтогул суу сактагычынын минималдуу көлөмү 2015-2016-жылдардагы ККМнын башталышына карата 13,0-13,5 м3төмөн болбошу зарыл, анткени ККМ мезгилинде суу сактагычтан 7,5-8,0  млрд. м3суу иштелип берилет жана ККМ мезигилинде 9,6-9,8 млрд.кВтс керектелет.

2014-жылы ички керектөөнүн өсүшүнөн жана Токтогул суу сактагычына агылып келген суунун көлөмү аябай азайып кеткендигинен улам 2014-жылдын 1-октябрына карата 11,9 млрд. м3түзгөн жана бул ККМдан ишенимдүү өтүү үчүн жетишсиз.

Суунун жетишсиз запасына байланыштуу 2014-2015-жылдардагы күз-кыш мезгилинде электр энергиянын эсептелген таңсыктыгы 2,3 млрд. кВтс түзгөн.

 2.  Чет өлкөдөн канча электр энергиясы импорттолду?

Керектөөчүлөрдү электр менен үзгүлтүксүз камсыздоо, Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө жана электр энергиянын жетишсиздигин кыскартуу максатында 2014-жылы электр энергия импорттолгон. “Электр станциялары” ААКсы менен Казакстан Республикасынан 1000 млн кВтс электр энергия импорттоо жөнүндө келишим түзүлгөн. Иш жүзүндө Казакстандан 517 млн. кВтс импорттолгон. 2014-жылы Тажикстандан 216 млн. кВтс импорттолгон.

Анда Бишкек шаарынын ЖЭБи 360 МВт күч менен иштей баштаган.

 3.  Кыргызстанды толук камсыздоо үчүн канча электр энергиясы талап кылынат?

Токтогул суу сактагычында суунун топтолуу абалын эске алуу менен 2015-жылы энерготутумдун туура иштөө режимин сактап калуу үчүн “Электр станциялары” ААКсынын жана “Кыргызстандын УЭТ” ААКсынын адистери тарабынан 2015-жылга карата энерготутумдун иштөө режими иштелип чыккан. 

    Энерготутумдун иштөө режими Кыргызгидрометтин маалыматтарын эске алуу менен ченемден 99% иштелип чыккан. 2015-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 6,4 млрд. мтүзгөн. 2015-2016-жж. жылытуу мезгилинен башталышына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,4 млрд. мөлчөмүндө деп болжолдонот. Сууну көп топтоо максатында электр энергиянын импортун көбөйтүү жайкы мезгилде электр энергия аз керектөө менен чектелгендигин белгилей кетүү зарыл. Ал Бишкек шаарынын ГЭС, ЖЭБтерине минималдык суу жиберүүдө жана импорттун киргизилген көлөмүндө электр энергияны иштетүү менен жабылат.

2015-2016-жж. ККМ мезгилинен электр энергияны импорттобостон талаптагыдай өтүү үчүн Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү ченемден 120% кем эмес болуш керек.

 4.  Электр энергиясы кайдан жана канчалык көлөмдө импорттолот?

Кыргызгидрометтин маалыматтары боюнча Токтогул суу сактагычында 2015-жылдын вегетациялык мезгили учурунда ченемден 99% деңгээлинде күтүлөт.

Учурда 2015-жылга карата энерготутумдун иштөө режими иштелип чыккан.

Бишкек ш. ЖЭБи реконструкция графигин эске алганда 2015-жылдын майынан сентябрына чейин 90 МВт, октябрда 208 МВт, ноябрда 300 МВт, декабрда 360 МВт күч менен иштейт.

Коңшу мамлекеттерден электр энергиянын импорттоо көлөмү кыргыз энерготутумунун иштөө режимине жараша болот жана Токтогул суу сактагычында топтолгон сууга жараша дайыма оңдолуп турат.

 5.  Быйылкы кышка даярдыктар кандай жүрүүдө?

Республиканын экономикасынын тармактарын жана калкын электр, жылуулук энергиялары жана отун ресурстары менен камсыздоо, министрликтерди, мамлекеттик комитететтерди, администрациялык ведомстволорду жана региондорду 2015/2016-жылдагы күз-кыш мезгилден өтүүгө өз убагында даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын энергетика жана онор-жай министрилиги токтомдун долбоорун Кыргыз Республикасынын Окмоттун аппаратына киргизди.