Председатель Правления Национального энергохолдинга Айтмамат Назаров провел пресс-конференцию по итогам 100 дней своей деятельности
Поделиться материалом
Опубликовано: 29 августа 2019

Сегодня, 29 августа, Председатель Правления Национального энергохолдинга Айтмамат Назаров пресс-конференцию по итогам 100 дней своей деятельности.

Он рассказал об основных направлениях деятельности Национального энергохолдинга по реформированию энергетической отрасли, а также предоставил информацию о подготовке к предстоящему осенне-зимнему периоду и ответил на вопросы журналистов.

Полное выступление Председателя Правления Национального энергохолдинга А.К. Назарова во время пресс-конференции в информационном агентстве “Кабар”

Бүгүн сиздерге чыгып коомчулуктун астында атайын маалымат жыйын берип, энергетика тармагында аткарылып жаткан жумуштар жана көйгөйлөр  тууралуу, жумуштун багыттары менен бирге алдыдагы пландар тууралуу коомчулук менен сиздер аркылуу тең бөлүшүүнү туура көрдүм.

Өзүңүздөр билесиздер мен буга чейин ЖКнын депутаты болчумун. Бүгүн, Улуттук  энергохолдингдин Башкармалыгына келгениме туура 100 күн болду. 23- май күнү акционерлердин чечими менен ушул кызматка дайындалганмын. Арадан 100 күн убакыт өттү. Бул кезге чейин эле маалымат жыйын өткөрөйүн деп жүргөнмүн, бирок 100 күндүн жыйынтыгы деп маалымат берүүнү туура көрүп жатам. Алгач,  ушул энергетика тармагынын бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу сиздерге маалымат берип, андан соң  суроо-жоопторго өтсөк.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын энергетика тармагы туруктуу иштеп жатат. Эч кандай кооптонууга негиз жок. Жумуштар мерчемделген нукта жүрүп, күз-кыш айларына карата даярдыктар уланууда. Бир гана бизге көйгөй жаратып жаткан маселе бул- отун даярдоонун жүрүшү бир аз солгун болууда. Бүгүнкү күндө тендерлер өтүп жатат, ошонун негизинде отун ташылып жатат. Алдыда убакыт бар, камылгаларыбызды өз убагында көрүп, отундарды камдап, кышка даяр болушубуз керек.  

Электр жабдууларды ондоп-түзөөдөн чыгаруу, капиталдык курулуштарды жасоо боюнча дагы биздин планда коюлган иштерибиз өз ыгы менен аткарылып кетип баратат. Ар жума сайын бул маселе энергохолдинг тарабынан каралып, тийиштүү түзүмдөрдүн иши талданып, тапшырмалардын аткарылышы ар дайым көзөмөлдө турат. Мен ойлойм 2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилин тиешелүү даярдыктарды көрүп, кыштан жакшы чыгабыз деп.

Эми энергетика тармагынын негизги көрсөткүчтөрүнө токтолсом. 7 айдын жыйынтыгы боюнча силерге маалымат берейин.

Электр энергияны өндурүү  боюнча  8,9 млрд. кВт саат электр энергиясы өндүрүлдү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 2 пайызга аз. Эмне үчүн аткарылбай калды деген суроо жаралышы мүмкүн, керектөөчүлөр канча электр энергиясын колдонсо, биз ошого жараша электр энергияны өндүрүп беребиз. Азыр коомчулук арасында суу аз келип, суунун тартыштыгы башталды, мындан улам электр энергиясы тартыш болот экен деген сөздөр кетип жатат. Бул жаатында маселе жаратпаш үчүн электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу режимди киргизгенбиз. Бул үчүн, электр энергиясын азыраак өнүдүрүп, суунун көлөмүн сактап, элди үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыз кылалы деген оюбуз бар. Өткөн жылга салыштырмалуу көрсөткүч 2 пайыз төмөн болуп калды, дегенибиз менен бул коркунучтуу деле эмес. Муну менен электр энергияны үнөмдүү  колдонуу  боюнча иштер кетип жатканынын кабар берет.

 Жылуулук чыгаруу боюнча, жылуулукту мына өзүнүздөргө белгилүү болгондой,  январь айынан апрель айына чейин Бишкек жылуулук станциясы, Ош жылуулук станциясы калкты жылуулук менен камсыз кылып турду.  Жылуулук берүү боюнча дагы биздин көрсөткүчтөрүбүз 8 пайызга төмөн болду. Себеби жаз айлары өзгөчө февраль, март айларында күн жылуу болуп, кыш жеңил болду. Ошондуктан өткөн  жылы жылуулукту керектөөчүлөр азыраак колдонду.

Токтогул суу саткагычындагы суунун көлөмү эки күндөн кийин 17 млрд.кубка чыгат. Бүгүнкү күнгө,  16 млрд 970млн.кубту түзүүдө. Эки күндөн кийин  17 млрд.кубка жетет. Былтыркы жылга салыштырмалуу 2,1 млрд.кубка аз кетип жатат. Бизде климаттык шарт ушундай экен, 4- 5 жыл аралагында алмашып турат экен. 4-5 жыл суу көп келсе,  4-5 жыл кайра аз келген учурлар катталууда.  Мындай абалдын орун алышы буга чейинки бир нече жылкы байкоолордун негизинде аныкталган экен.  Быйылкы жылы суунун аз келгенин биздин адистер айтып жатат, анткени  жамгыр жана кардын аз жаашы да таасирин тийгизип, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү бир аз азыраак болуп жатат. Бул бир кооптонууну жаратпайт, эч кандай чектөөлөр болбойт. Электр энергиясы менен кудай буйруса толугу менен үзгүлтүксүз камсыз кылабыз. Эмдиги жылы суу мындан да аз келиши мүмкүн, 2020-2021-жылкы кыш мезгилинде суу аз болот, ага карабастан  чектөөлөр болбойт. Керек болсо сырткы кошуналардан электр энергиясын сатып  келип, импорттоп келип, керектөөчүлөрдү камсыз кылабыз деген оюбуз бар.

Азыркы күндө Казакстан, Түркменстан жана Тажикстан өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.  Мен эки күн мурун эле Казакстандагы кесиптештерим менен атайын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдим. Ушундай эле сүйлөшүү Туркменстанда да өткөн. Алар бизге электр энергиясын бергенге даяр. Баасы жана кунун гана белгилеш калды. Ошол жетпей бараткан күнгө карата баасын чечишип алып, керектөөчүлөрдү камсыз кылабыз деген оюм бар. Башкача айтканда электр энергияны камсыздоо боюнча көйгөй болбойт. Дагы бир биздин  резервибиз бар. Өзүңүздөр билесиздер Бишкек ТЭЦте 2 котел алмашты, жаны 2 котел коюлду. Алардын кубаттуулугун кошумча көтөргөнгө мүмкүнчүлү түзүлдү.  Тактап айтсам  көмүрдү көбүрөөк  колдонуп, электр энергия чыгарганга мүмкүнчүлүк бар. Сырттан эле сатып келбестен ошол биздин ички резервибизди колдонуу менен өзүбүздөгү мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланабыз. 320мВттан 373мВтка чейин 375 мВтка чейин көтөрүү жолдорун мерчемдештирүүдөбүз.

Электр энергияны керектөө лимиттери боюнча да айтып берейин. Өкмөт атайын кышка даярдык боюнча токтом чыгарган, №210- токтом, ошол токтом боюнча кайсыл региондо канча электр энергия колдонушу керек деген бизге атайын көлөмдү койгон. Биз ошону лимит деп коебуз. Ошол лимитти биз көзөмөлгө алып турушубуз зарыл. Бүгүнкү күндө, белгиленген лимиттен 110млн.кВт га бир аз ашыгыраак кетип жатат. Ошого байланыштуу бизде кээ бир мындай бир категориялар пайда болду.  Жаны керектөөчүлөр деп коебуз. Бул жанагы криптовалюта чыгарган майнинг чыгарган компаниялар, алардын ишмердүүлүгү бизде Кыргызстанда мыйзам чегинде жөнгө салынган эмес, криптовалюта боюнча өндүрүү аны жүргүртүү  боюнча эч кандай мыйзамдар жок. Ошол учун биз аларга чектөө киргиздик. 138мВт өлчөмүндө криптовалюта колдонуп чыгарып жатышкан. Учурда 45 компаниянын электр жарыктары өчүрүлдү.  Алардын бир айлык керектөөсү  138мВтты эсептесенер бир айда 100млн.кВт саат колдонот. Бул деген сөз биздин бир областтын электр энергиясы деп айтсак жарашат. Биз аларга мыйзам тарабынан ошону колдонуу тартиби аныкталганга чейин , аларга электр энергия берүүнү токтоттук. Бул биринчиден ошол мыйзамга байланыштуу болду, экинчиден электр энергиясын унөмдөө үчүн максатта ушундай ишке бардык. 

Отун камсыз кылуу боюнча  1млн 140 миң  көмүр камдашыбыз керек. Анын 740 мин тоннасы  бул «Кыргыз көмүрүнөн»,-Кыргызстанда өндүрүлгөн көмүр, 680мин тоннасы Кара-Кечеден, 60 мин тоннасы Таш-Көмүрдөн. Ал эми 400 тоннасы сырттан, Казак Республикасынан  ташылып келчү көмүрлөр. Кыргызстандан ташылчуу көмүлөрдө тендер болду. Ошол Кара-Кечеден ташый турган «Кыргыз Көмүр» ишканасы тендерден утту. Азыркы күндө ташып жатышат.  Бүгүнкү күндө 70 мин тонна көмүр ташылды.  Биздин ТЭЦке….. келип түштү.  Казакстандан алынып келе турган көмүргө, учурда тендер жүрүп жатат, азыр комиссия иштеп жатат, Кечээ күнү комиссиянын бир мүчүсү чыгып маалымат жыйын да берип жиберди. Бир аз туура эмес болуп калды. Ал жерде баягы купуялуулук сакталбай калды. Ал тендердин ишине эч кимдин киришкенге акысы жок. Тендердик комиссиянын ишине киришкенге жана анын ичиндеги болуп жаткан процесстерди жыйынтыгы чыкмайынча ачыктаганга да болбойт. Азыркы күндө ал жерде талаш- тартыш маселелер жаралып, кызуу иш жүрүп жатат. Кудай буюрса мен ойлойм, 2-3 күндүн ичинде  жеңүүчүнү аныктап беришсе, алар менен келишим түзүп, көмүрдү ташып баштайбыз. Буга чейин «Рассвет компани» деген компанияга күнө коюлуп жаткан, ал компания келип катышкан жок.

 Мазут даярдоо иштери да жүрүп жатат. Азыр тендер коюлган, 30-август күнү мазуттун тендери өтөт. Ага Кыргыз Нефьтегаз ишканасынан бизге 22 миң тонна мазут алынып келиниши керек.

Карыздарды өндүрүү боюнча бизде 4 компания өздөрүнүн энергиясын сатат. Ошол 4 компаниянын  жалпы карызы 1 млрд 100млн сомдун тегерегинде болуп жатат. Бул жылдын башындагы карызга салыштырмалуу 370млн сомго кыскарды, б.а  24% га азайды. Дебитордук карыздарды өндүрүү  боюнча дагы катуу жүрүп жатат.  Мен мүмкүнчүлүктөн  пайдаланып керектөөчүлөргө рахмат айтып кетет элем. Биздин калкка электр энергиясына акча төлөш керек деген психология  терен сиңди,  аны бардыгы тартиптүү түрдө, убагында ирээти менен төлөгөндү үйрөнүп калышты. Карыздарды чогултууда көйгөй жок.

Жоготуулар боюнча өкмөт тарабынан бизге 12,5 пайыз деп коюлган, иш жузюүндө  жоготуулар 11,5-11,6% тегерегинде болду,  0.9%ке төмөн болду. Бул көрсөткүч боюнча биз өзүбүздүн алдыбызга коюлган тапшырманы аткарып жатабыз.

Бишкек жылуулук тармагы боюнча дагы даярдыктарыбыз жакшы. Ондоп-түзөө иштери жүрүп жатат, октябрга чейин толугу менен бүткөрүлөт. Жылуулук бөлүштүрүүчү  жайлар бардыгы кыш мезгилине даяр болот.

Эми энергетика секторун реформа жасоо боюнча менин алдыма тапшырма коюлган. Өкмөттүн  денгээлинде атайын комиссия жүргүзүлгөн,  ошол комиссияда мен өзүмдүн көз карашымды, өзүмдүн командам менен энергосекторун кандай кылып реформалайбыз деп атайын стратегия иштеп чыкканбыз. Комиссиянын отурумунда биз жактадык. Комиссия негизинен жактырды, комиссиянын курамында Өкмөттүн мүчөлөрү, ЖКнын депутаттары жана башка министерство ведомствонун өкүлдөрү бар. Алар угуп, биздин стратегияны жактырды. Ал стратегия эми өкмөт башчы тарабынан бекитүү калды. Ошону  бекитсе өзүбүздүн ишибизди активдүү формасына өткөрүп, атайын чечимди кабыл алып, ишти баштайбыз.              Энергетикаа тармагында 4 көйгөйдү  белгиледик. 4 чон көйгө бар, жалпылап айтканда:

1-көйгөй;   бул энергетика тармагында жабдуулардын эскириши. 77% тегерегинде электр жабдуулар эскирген, б.а.  союз мезгилинде курулган электр жабдууларды колдонуп, иштетип келе жатабыз. Союздан кийин курулган жабдуулар аз эле бөлүктү түзөт  жана алар дээлик насыя  акчага курулду. Бүгүнкү күндө  103 млрд сом карызыбыз бар, график боюнча төлөнүп келе жатат.

2-көйгөй;  Ошол насыя акчалардын көлөмүн эсептедик.  Бул дагы өзүнчө чоң маселе.   2024-жылга барганда 11млрд сом кайтарышыбыз керек. Быйыл 4млрд 990млн сом кредит кайтарышыбыз керек. Муну бир ааз кыйналуу менен аткаруудабыз. Эгерде бир жаны кубаттулуктарды киргизбесек, энергетикага жаны бир дем бербесек,  2024-жылга барганда, аны аткарыш бир аз оор болуп калат. 2024-жылга барганда бизде дагы бир кошумча карыздар биздин мойнубузга илинет. Учурда энергетика тармагында 750млн доллардан ашык долбоорлор  жана курулуш иштери кетип жатат. Алар дагы келип карызга отурат да, өзүбүздө 45 млрд сомдун тегерегинде карыз болот. Ошону энергетиктер кайтарышыбыз керек .

3-көйгөй; Энргетикадагы кубаттуулуктун азайып бараткандагы, кубаттулуктун резервинин азайып бараткандыгы. Мурда биз өзүбүз  чыгарган электр энергиясын өзүбүз колдонуп, андан да ашып калчуу. Ашыгын кошуна мамлекеттерге сатчубуз. Бул 2010-жылга чейин кеңири ошол практикада колдонулуп келди.  2010-жылдан кийин суу коп мезгилде сатып, суу аз мезгилде өзүбүздү-өзүбүз камсыздап келдик. Бүгүнкү күндө,  биздин керектөөбүз жылына 6-7% менен акыркы 3 жылда өсүүдө. Эгерде 2024-жылга чейин биз 600 MВт кошумча кубаттуулук киргизбесек,  анда электр энергиянын тартыштыгы жаралат, б.а. сырттан сатып келгенге көз каранды болуп калабыз. Ошол үчүн  кошумча кубаттуулуктарды сөзсүз түрдө киргизишибиз керек. Азыркы күндө Кыргызстандын керектөөсү анын кубаттуулугу менен энергетиканын кубаттуулугу менен керектөө теңелип баратат, 100 МВт тегерегинде гана резервибиз калды. Башкача айтканда жаңы ГЭСтерди  жаны электр өндүрө турган курулуштарды курбасак биздин акыбалыбыз кийин барып кошуна өлкөлөргө көз каранды болуп калышыбыз мүмкүн.

4-көйгөй; Бизде финансылык агымдардын ачык эместигин айттык, мен чынын айтайын энергетиктерге чоң притензия бар . Мына ТЭЦде болгон окуя, башка энергетикадагы болуп жаткан туура эмес финансылык  тартип бузуулар,  ушундай бир көйгөйдү  алып чыкканга  түрткү болду. Бизде 20 млрд сомдон ашык акча айланат, ошонун 10 млрд. сомун биз тендер аркылуу  иштетебиз. Ошо тендерлер туура эмес өттү деген күмөн саноолор бар, ар кандай жакшы эмес мыйзам бузууларга жол берилди деген көйгөйлөр бар, андан сырткары электр энергиясын алып сатууда, биз 15 млрд кВт саат электр энергияны биз өндүрөбүбүз дагы кайра сатабыз. Баарыдыгыбызга жашыруун эме.  Электр тармагындагы  көз беомочулук  фактылар дагы катталат,  ал деле жашыруун болбой калды, угуп,билип көрүп жүрөбүз.  Кайсыл жерде ким канча электр энергиясын уурдап жатканына чейин.  Ошол үчүн бул көйгөй дагы негизгисинин бири деп алып чыктык. Ушул төрт көйгөйдүн үстүнөн мен ишти жүргүзөм, төрт маселени чечиш боюнча иш алып барам.

Аны алып барууда эмне, кандай реформаларга барабыз. Биринчи кадам башкаруу системасын өзгөртөлү деп чечтик. Бүгүнкү күндө энергохолдинг башкаруучу компания акционердин милдетин аткарып жатат , астында тогуз компания бар. Ошол тогуз компанияны акциясы биздин колубузда турат.  Ошол акция аркылуу башкарып жатабыз. Бул жетишсиз деп эсептейм, ошол компанияларды ичине кирип кандайдыр бир функцияларын өзүбүзгө алып, алардын жанында туруп, алар менен тен жоопкерчиликти  алып катар туруп, аткарып көзөмөлдү күчөтпөсө, биз аны оңдой албайбыз. Ошол үчүн кээ бир функцияларды өзүбүзгө өткөрүп алалы деген оюбуз бар. Ал кайсыл функциялар? Энергетика тармагынын стратегиясы жана инвестиция тартуу. Аны бир жерде туруп, бир мекеме алып барбаса тогуз компания тогуз жакка тарта берсе, иш татаалдашып,   жыйынтыгында бүгүн 1,3 млрд карызга батып олтурабыз. Бизден алынган насыялардын эффективдүүлүгү боюнча жана  коомчулук  тарабынан чон маселе бар. Депутаттар тарабынан дагы  чон маселе коюлуп жүрөт.  Канчалык эффективдүү колдондунар, канчалык пайда алып келди деген маселерди көтөрүшүүдө.  Ошол үчүн стратегияны,  инвестицияны энергохолдинг өзүбүзгө өткөрүп,  ошого биз жооп берели деп оюбуз бар.

Андан кийин бирдиктүү казначейства деп коет, түшкөн акчанын баардыгын бир жерден туруп башкаруу. Онлайн режиминде финансылык көзөмөл жүргүзүү. Бүгүнкү күндө мен сиздерге айтып коеюн көп компанияларда түрдүү системалар коюлган. Бир эле бухгалтерияда бири-бирин  окуй албаган системалар бар, жана 1С деп коюшат, анын көп формасы бар, ар башка формада иш алып барышат. Бирдиктүү консалидированный отчет чыкпайт бизде, баягыл өз алдынча компаниялар иштеп жүрүп ошондой деңгээлге чейин жетишкен. Азыр ошолордун баардыгын бир формага алып келип, бирдиктүү отчет чыгара турган кылып аларды автоматташтырып, онлайн режиминде тура турган системасын коелу деп жатабыз.

Андан кийин сатып алуулар, жана тендерлердин баардыгын көзөмөлгө катуу коёлу деп жатабыз. Бирдиктүү тендерлерди өткөрөлү деп жатабыз. Мисалы үчүн трансформаторлорду сатып алса, бизде тогуз компаниясы өз алдынча сатып алат. Бир эле трансформатор эки баада келип калышы мүмкүн, бири-бирин билбейт. Ошондуктан окшош таварларды централизовано-объединенный закуп деп коет, ошондой кылып борборлоштуруп  ортого койуп жалпы тендер өткөрүп баасы, саны канчалык көп болсо, баасы ошончолук ылдый болот. Анан завод производительдер келет, ал эми баасы, саны аз болсо кичинекей көлөмдө болсо, анда ортомчулар келет. Ортосуна өз баасын кошот дагы кымбат болот. Мына ушул закуптардан дагы биз үнөм жасайлы деген оюбуз бар.

Андан кийинки маселе, кадр саясаты. Атайын окууларды өткөрүп, айрыкча башкара турган кадрлады даярдоону уюштуралы, анан ошол окуган кызматкерлерди  компанияларды башкаруу системасына алып келели деген ойлор бар. Борборлоштуруп көзөмөлгө алуу жагы каралып жатат.

Андан сырткары, көптөгөн процесстерди  автоматташтырыш керек. Бул процесстен, биз бүгүнкү күндө бир аз артта кетип жатабыз , дагы деле көп жерде “холл” менен иштегендерибиз көп, акылдуу эсептегичтерди киргизели деген оюбуз бар. Акылдуу эсептегичтер буга чейин киргизилип жүргөн . Акылдуу эсептегичтер менен жалпы абоненттердин 15 пайызы камсыз болгон. Биз ошону акыркы абонентке чейин жеткирейли деген оюбуз бар. Жалпы киргизмейинче акылдуу эсептегичтерди  бир андан эффект ала албайбыз Бул эсептегич коюлган жерден эффект болушу мүмкүн, ал эми жалпы кайсыл жерде жоготуу болуп жатат, кайсыл жерде техникалык жоготуу болуп жатат,кайсыл жерде уурулук болуп жатат, аны биз ачыктай албайбыз. Ошол  үчүн азыр ушу Кыргызстанда акылдуу эсептегичтерди өндүрө турган, өндүрүш койолуу деп чечип жатабыз. Башында кандай бир чогултчу цех болот, акырындап барып көп дитальдарын өзүбүздө өндүрүп ана ошол 1,5 млн. абонентибиз бар. Ошолорду ушу акылдуу счётчиктерди камсыз кылабыз деген оюбуз бар. Бул процесс 1-1,5 жылдын ичинде ишке ашат.

Андан кийинки мен алган чон багыт, бул ошол чыгымдарды оптимизациялоо. Штаттык бирдиктерди оптимизациялоо. Биздин компаниянын ошол тогуз компаниянын чыгымдары, канча доход тапса ошондон көбүрөк болуп чыгым өсүп келиб жата. Алты айдын жыйынтыгы менен бюджетти кайрадан карап компаниялардын бюджеттерин карап, оптималдаштырдык Бул оптималдаштырууну биз өзүбүздөн баштадык, энергехолдингден баштадык. Энергохолдингдин чыгымдарын 27% кыскарттык. Мен ошол жетекчи болуп баргандан кийин, чыгымдарды кыскарттыралы деп 27% чейин түшүрдүк. Андан кийин калган жетекчилерди, мына кезек силерде, оптималдаштырууга баралы деп, жыйынтыгында 2 млрд 35 миллион сом оптимизация болду. Бул энергетиктер үчүн өтө чон каражат, өтө чон экономия. Бул менин алгачкы ушул компанияга келгенден бери результатым.

Азыр Кыргызстанда акылдуу электр эсептегичтерди өндүрө турган өндүрүш коюлу деп чечип атабыз, башында чогултуучу цех болот, акырындап барып көп деталдары өзүбүздө өндүрүлөт. Бүгүнкү күндө биздин 1,5 млн керектөөчүбүз бар, ошолорду акылдуу электр эсептегич менен камсыз кылалы деген ойдобуз. Бул процесс 1-1,5 жыл аралыгында ишке ашырылат.

Андан кийинки мен алган чоң багыт бул ошол чыгымдарды жана  штаттык бирдиктерди оптимизациялоо. Биздин карамагыбыздагы  тогуз компания канча киреше тапса, тапкан кирешеден көп чыгым өсүп эле келе жатат. 6 айдын жыйынтыгы менен компаниялардын бюджетин кайрадан карап, оптимизациялоо чечимин чыгадык. Бул оптималдаштырууну биз өзүбүздөн,  энергохолдингден баштадык, энергохолдингдин чыгымдарын 27 пайызга кыскарттым. Жыйынтыгында 2 млд, 35 млн  сом оптимизация болду. Бул энергетиктер  үчүн өтө чоң каражат, өтө чон үнөм. Мен ошол жерге  жетечи болуп баргандан кийин алгачкы жасаган аракетим. Андан кийинки кадам компаниялардын жетекчилеринде, кезек силерде, оптималдаштырууга баралы.  Бул менин  алгачкы компанияга келгенден кийинки резултатым десем болот.

Андан кийинки багыт, бул штаттык бирдиктер.  Азыр чечим кабыл алдык, штаттык бирдиктерди мурда союздан калган, азыр деле айтып жүрүшөт, жаңы жетекчи келгенде эле кыскартабыз деп айтат, анан кыскартууга барып, эң акырында күзөтчү, дворник же  пол жуугучка кесепети тиет деп. Биз андай кылган жокбуз,  биз кыскартуунун башкача формада жасайлы дедик. Ким жумуштан чыкса ошонун ордуна жаңы адам албай, керек болсо ордуна башка иштеп жаткан кызматкерди жылдырып,  керек болбосо кыскарталы деп. Бир жылда  бизде 1500- 1600 адам чейин өз каалоосу менен жумуштан кетет. Башкача айтканда бизде  бир жылдын ичинде эле 1500-1600го чейин кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.  Кыскартуу дегендин артында социалдык маселе турат, ал кыскарган адамды сөзсүз башка жакка жайгаштыруу керек, анын үй-бүлөсү бар дегендей. Бул социалдык маселе болгондуктан,  буга этият мамиле жасайлы. Биз кыскарган адамдардын айлык акысынан үнөм  жасабайлы деп сүйлөштүк,  кыскартуудан пайда болгон эмгек акыны калгандарына бөлүп берели, кызыгуу пайда болсун, мындай бир интерес болсун, өздөрү ашыкча адамдарды өздөрү регулировка кылып чыгарып,  алардын айлыгын тескерисинче иштеген адамдар бөлүп алсын, мээнетине жараша айлык алсын деген принципти киргиздик.  Мунун натыйжасында бул процесс эки жылга созулат. Бизде бүгүнкү күндө 16 300 кызматкер бар, 2020-жылдын аягында 14 300 кызматкер калат. Башкача айтканда 2000 кызматкерге оптимизация болот.

 Дагы бир маселе, министрлик керек, керек эмес деген ойлор айтылып жүрөт. Энергетика министрлигин түзүш керек дегендер да көп. Бизде энергетиктер негизги тармак болгондон кийин , Энергетика министрлиги болуш керек деген. Мен буга мындай деп жооп берет элем, ошол энергетика министрлиги да болгон, 1991-жылдан баштап 2016-жылга чейин энергетика министрлиги болгон. Эгерде энергетика министрлигинен  энергетиктер эле башкача болуп, өзгөрүп кетет десе, мен анда бир эмес эки энергетика министрлигин да түзүүгө каршы эмесмин. Энергетиканы реформа жасаш үчүн, өздөрү ичинен реформа жасабаса, ал министрлик бизге көп жардам бере албайт. Министрлик түзгөнгө да түзбөгөнгө да каршы эмесмин, бирок реформаны жасай турган биздин өзүбүздүн колубузда. Аны жасаш керек, ага көп каршылыктар болот, ошого карабастан бул реформаны жасаш керек. Менин айтайын дегеним кыскача ушул.

По тарифам

Тарифы не в нашей компетенции. Это прерогатива Государственного агентства по регулированию топливно-энергетического комплекса (далее- ГАРТЕК), но они постоянно с нами советуются. Я за то, чтобы не повышать тарифы. Не будет повышения тарифа! Можете это утвердительно объявить. Это наша позиция. Мы намерены с этим тарифом проводить реформу. Этот тариф, я думаю, нам пока хватит.

- На счет чего реформа? За счет чего вы хотите решить проблему?

- За счет сокращения, оптимизации расходов, я вам говорил только что, мы на 2 миллиарда 35 миллионов провели оптимизацию, за счет сокращения штатных численностей, за счет преобразований передачи некоторых функции Нацэнергохолдингу, за счет усиление контроля, за счет обеспечение прозрачности мы намерены провести реформу.

Реформирование отрасли не потребует больших денег. Средстсва требуются на установление «умных» счетчиков.

Были годы, до 2014 года, я вам скажу, вот это обеспечение полностью «умными» счетчиками расчитывали в пределах 350-400 млн. долларов. Столько денег потребуются. В данный момент мы считаем, нам это обойдется в сумму от 30 до 50 млн долларов. Вы знаете, что информационные технологии с каждым годом станосятся доступными по цене. Эти «умные» счетчики тоже стали дешевле. Вот только на это пока требуются деньги, на остальное никаких средств не требуются, только организованные работы нужно провести.

На сегодняшний день у нас 1 млн. 450 тыс. абонентов, если точно сказать. Из них 215 тыс. охвачены «умными» счетчиками. Остальных нужно охватить. Но эти умные счетчики разного типа.

-  Эми суунун көлөмү боюнча, эки күндөн кийин 17 млрд. куб суу Тоткогул суу сактагычында болот. 1-октябрга суу көлөмү   17,3-17,5 млрд. кубдун тегерегинде болору күтүлүүдө.  Бул кыш мезгилин толугу менен өтүүгө жетет. Эмки жылы суунун агып келиши мындан да азаят деген прогноздор бар, эгерде азайып, суунун көлөмү дагы түшө турган болсо, анда электр энергияны сырттан сатып келүүгө, анан биздин ЖЭБди (ТЭЦти) кошумча кубаттулукка жүктөөгө аргасыз болобуз. ЖЭБде (ТЭЦте) иштелип чыккан электр энергиясынын баасы 3 сом 60 тыйынды түзөт.

Ал эми бул коммерциялык тайна, бүгүн ачыктап жиберсем болбойт, бирок, коңшулаш мамлекеттер менен бир топ арзанга сүйлөшүп жатабыз, аны азыр ачыктап койсом туура болбой калат. Аны мен качан бир контракка келгенде, анан коомчулукка алып чыгам, мына, мынчадан алып баштадык деп, аны азыр ачыктап бергенге туура келбейт, чечиле элек маселе.

 - Расскажите коротко на русском языке о подготовке к зиме

-У нас, в данный момент, идет подготовка к зиме. Все работы ведутся по плану. Отставаний нет. В данный момент идет заготовка угля, мазута, идет ремонт электроэнергетического оборудования, по ремонтным работам у нас отставаний нет. Если было запланировано провести ремонт на 1 млрд. сом, то мы провели ремонт на 1 млрд. 35 млн. сом, то есть с опережением.

По заготовке угля, в целом мы должны заготовить 1 млн.140 тыс. тонн угля и из них 740 тыс. тонн местного и 400 тыс. тонн импортного. Импортный уголь  мы постоянно  покупаем у Казахстана, на местный уголь был проведен тендер, в настоящий момент на ТЭЦ Бишкек доставлено 70 (700) тыс.тон местного угля. Сегодня или же завтра завершится тендер на импортный уголь, и начнется доставка импортного угля. Вот коротко о нашей подготовке.

- В прошлом году какие были проблемы с отоплением и как вы решаете эту проблему в этом году.

По отоплению. Все мы знаем, что в прошлом году зима была теплая. Поэтому таких острых проблем не было. Но было два раза зафиксировано остановка ТЭЦ, население не почувствовало этого. Это было связано с тем, что прорвало трубу, от этого никто не застрахован. Энергетики своими силами быстро устранили неполадки.  Отопления не было в течение суток. Один раз отопления не было, в другой – горячей воды. Дай бог, чтобы таких «сюрпризов» было меньше. Мы очень надеемся, что в этом году нам удастся нормально провести отопительный сезон. Для этого приложены все силы, ведутся ремонтные работы, определены конкретные ответственные лица, кто непосредственно будет отвечать. За каждое оборудование, за каждый насос, за каждый вентиль закреплен ответственный. По подготовке, по ремонту у нас проблем нет.

-А вот насчет майнинговых компаний, Вы вчера на заседании сказали, что эти компании должны платить по рыночным ценам. Они же как промышленные абоненты платили?  

- Они как промышленные компании платили по 2,24 до отключения.

- А по какому тарифу они должны платить?

- Тариф, я вам сейчас скажу. Давайте посмотрим какой тариф у соседей:

Кыргызстан- средний отпускной тариф -1сом 38 тыйын,

Таджикистан – 2 сома 40 тыйын (на наши деньги),

Казахстан -3 сома 20 тыйын,

Узбекистан –3 сома 40 тыйын,

Россия – 3 сома 86 тыйын,

Армения -5 сомов 66 тыйын,

Белоруссия – 7 сомов.

Вот такие тарифы у наших соседей. Естественно, что майнеры теперь у нас оказались. Наши не занимались майнингом до этого. Майнингом занимались где-то там, за океаном, в других странах. Потом узнали, что электроэнергия у нас дешевая, там основная составляющая расходов - это электроэнергия, поэтому они к нам пришли. Из-за дешевизны. Я считаю, что наш тариф социально-ориентирвоанный. Оно установлено с учетом населения - 77 тыйын. У нас 1 млн. 200 тыс абонентов - население. Из них 82 %, это около миллиона абонентов, потребляют в пределах 700 кВт-час, то есть платят по 77 тыйын. Только 18 % превышают этот лимит и платят по 2 сома 16 тыйын. То есть, наше население научилось экономить. Узнав, что у нас дешевый тариф они (майнеры) к нам и пришли. Я считаю, если им разрешить потреблять электроэнергию, то надо разрешить и установить реальный рыночный тариф: как у Китая, России, Казахстана. Для этих потребителей тариф не должен быть ниже, чем у наших соседей. Тогда они подумают, остаться здесь или туда идти. А социально-ореинтированный тариф мы не можем им давать, лучше мы его дадим населению! Если запретить, то тогда нужно ввести уголовную ответственность, в данный момент они ушли в подполье. Каждый день мы за ними бегаем, в кошки-мышки играем, находим, отключаем, а они в другом месте подключают. Вот так происходит. Если прекратить, то в данный момент-летом нагрузки маленькие, а зимой нагрузки будут увеличеваться, то наши сети будут сгорать. Трансформаторы будут отключаться. Тогда действительно проблемы начнутся.  

- Вы говорили, что примерно 70% угля закупается у отечественных компаний, остальные 30% у казахских. Ведутся ли какие-нибудь работы для того, чтобы 100% закупать у местных компаний?

- В тендере участвует компания “Кыргыз комур”, у которой в составе 18 мелких компаний, в итоге они поставляют 680 тысяч тонн. Они не в состоянии полностью обеспечить наши затраты, поэтому мы закупаем у казахских компаний. Было время, когда 100% угля закупалось у соседей, сегодня процент уменьшился до 35%, но у нас в планах, в будущем приобретать полностью у отечественных компаний.

- Вы сказали, что деятельность майнинговых компаний не урегулировано законом, принимаются ли какие-нибудь меры?

- Я недавно получил проект Постановления Правительства, инициированный Министерством экономики КР. Если проект пройдет все внутригосударственные процедуры, то деятельность майнинговых компаний узаконится.

- Как вы оцениваете законопроект?

- Моя позиция, узаконить деятельность таких компаний и продавать электроэнергию по рыночной цене т.е. не ниже 3,5 сомов.

- Указана ли цена в законопроекте?

- В законопроекте не указана цена, тарифы на электрическую энергию устанавливает Государственное агентство по регулированию топливно-энергетического комплекса при Правительстве Кыргызской Республики, затем энергокомпании будут продавать электроэнергию по установленному тарифу.

 

 

 

 

 

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Новости

Председатель Правления Национального энергохолдинга Айтмамат Назаров ознакомился с ходом строительства нового здания Кызыл-Кийского РЭС ОАО «Ошэлектро»


На встрече приняли участие представители генеральной дирекции, начальники служб, отделов и руководители структурных подразделений компании.

Торжественное мероприятие в честь присвоения Курпсайской ГЭС имени Т.У. Усубалиева состоялось при участии Председателя Правления Национального энергохолдинга Айтмамата Назарова.