“Жалалабадэлектро” Ачык Акционердик коому маалыматы
Поделиться материалом
Опубликовано: 28 декабря 2015

 

 

“Жалалабадэлектро”Ачык Акционердик коому 2015-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен мерчемделген 1366,36 миллион  кВт сааттын ордуна 1310 млн.кВт саат электр энергиясын пайдаланып, 56,36млн. кВт саат электр энергиясын үнөмдөгөнгө жетишти. “Ал эми электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды кыскартуу  боюнча да алгылыктуу аракеттер  жүрдү. 2015-жылдын башында жалпы карыз 199 544,6 миң сом болсо, 11 айдын жыйынтыгы менен 193 810,8 миң сомго чейин кыскартылды, тактап айтканда 5 733,8 миң сомго кыскарган”.

“Жалалабадэлектро”Ачык Акционердик коому үстүбүздөгү жылдын он бир ай аралыгында 54 даана 35 кВ чыңалуудагы көмөкчү чордондорду оңдоп-түзөөдөн  өткөрүп, планды ашыгы менен аткара алды.  35 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларын оңдоо 104 пайызга аткарылды. Ошондой эле жыл башынан бери 26 даана кошумча 6-10/0,4 кВ көмөкчү чордондор  курулду.  Мындан тышкары 41 даана көмөк чордондордогу трансформаторлор  кубаттуулугу жогорку трансформаторлорго алмашылды.

Жалал-Абад областында жыл өткөн сайын  жоготууларга бөгөт коюлуп, авариялык өчүрүүлөр азайууда.  6-10 кВ электр орнотморлорунда 2014-жылы ичинде 1677 авариялык өчүүлөр  болгон болсо, ал эми 2015-жылдын 11 айынын жыйынтыгы  менен 1628 өчүүлөр катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 49 га аза катталган.  Ошондой эле 7000 даана электр эсептегичтерди алмаштыруу  жыл башында пландалган болсо, он бир ай аралыгында 16 555 даана электр эсептегич орнотулган. 

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Новости

По вопросу покупки ОАО «Востокэлектро» электроэнергии, вырабатываемой малыми гидроэлектростанциями - ОсОО «Конур-Олонская ГЭС», ОсОО «Кок-Сайская ГЭС».

Сегодня, 29 августа, Председатель Правления Национального энергохолдинга Айтмамат Назаров пресс-конференцию по итогам 100 дней своей деятельности.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 23 августа, принял председателя правления ОАО «Национальная энергетическая холдинговая компания» Айтмамата Назарова.