Урматтуу Алмазбек Шаршенович! ​
Поделиться материалом
Опубликовано: 17 сентября 2016

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Кыргызстан энергетиктеринин ветерандарынын атынан жарык дүйнөгө жар салып келген жаркын өмүрүңуздүн эң кубанычтуу жана даңазалуу датасы болуп саналган 60 жаш кутман курагыңыз менен чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз! Кутман курак кут болсун!

Эрезеге жетип, жаштайыңыздан ак эмгекке умтулдуңуз. Кадырман элибизге, сүйүктүү жерибизге болгон күчүңүздү жумшап, өлкөбүздүн өнүгүп өсүшүнө торгойдун кыламык карда калтырган изиндей из калтырып келе жатасыз! 

Жогорку мамлекеттик кызматтарда Сиздин өтөгөн кызматыңыз өлкөбүздүн жаңы тарыхынын ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелинет. Сиздин кайраттуу чечимдериңиздин натыйжасында Кыргызстандын заманбап кулк-мүнөзүн түзгөн эң маанилүү  жандандыруулардын далайы жүзөгө ашырылууда. Сиз жогору адамдык касиеттериңиз, ишке ийкемдүүлүгүнүз, оор басырыктуулугуңуз жана ак ниеттүүлүгүңүз менен  мекендештерибиздин арасында чын беделге, ошондой эле сыртта эл аралык авторитетке ээ болдуңүз!

Кыргызстаныбыздын башына оорчулук келген өткөөл мезгилде мекенибиздин бекемдеп өсүшү үчүн Сиз, аянбастан, көп күчүңүздү жумшадыңыз. Элдин турмушун жакшыртууга жасаган аракеттүү камкордугуңузду билебиз.

Биздин Мамлекетибиздин кудурети адеп жана дене жагынан сак коомдо, рухий жана маданият мурастарды сактоодо, тарыхыбызды сыйлоодо, анык патриотизимде негизделген. Сиздин демилгеңиз менен кереметтүү кыргыз жеринде, касиеттүү Ысык-Көлдө өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, көптөгөн мамлекеттердин колдоосуна ээ болуп, ааламдык масштабда уникалдуу иш-чарага айланып, өз максаттарына жетишти. 

Энергетиканын өнүгүп-өсүшүнө жеке бөлгөн өзгөчө мамилеңиз үчүн Сизге алкышыбызды   айткыбыз келет. Бүгүнкү күндө Сиздин колдооңуз менен кылымдык курулуш маанисине ээ болгон өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоого жана элдин электр камсыздоосун жакшыртууга багытталган “Датка-Кемин” ири долбоорлорунун ишке ашырылышы Кыргыз Республикасынын толук энергетикалык коопсуздугун жана энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылды, ошондой эле электр тармактык кийинки өнүгүүсү жана жаңы өндүрүлүп жаткан кубаттулуктарды кошуу үчүн шарттарды түзүп, энергетиканын өнүгүүсүнүн туруктуу багыты негизделген. Орто жана Түштүк Азияда Кыргызстан электр энергиясынын ири эскпортчусу болуу максатында энергетиктер CASA-1000 долбоорунун үстүндө жигердүү иштеп, бир нече ийгиликтерге жетишүүдө. Республикабыздын эң ири Токтогул ГЭСнин реабилитациясы, Бишкек шаарынын Жылуулук электр  борборунун модернизациясы, Камбар-Ата ГЭС-2ни бүтүрүү жана ишке киргизүү боюнча инвестициялардын тартылышы энергетиктердин толук энергетикалык коопсуздукка жасаган дагы бир кадамы болуп саналат. Кыргызстандын энергетикасын өнүктүрүү боюнча өткөрүлүп жаткан жаңы долбоорлор келечекте өлкөбүздү электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртууга, энергетика чөйрөсүндө эл аралык кызматташуунун өнүгүүсүнө алып келет жана ушуга байланыштуу кошумча инвестициялар Кыргызстанга тартылып, турмушубуздун сапаты жогорулайт. Бул жетишкендиктердин артында Сиздин зор эмгегиңиз турат.

Сиз ишке кылган мамлекеттик мамилеңиз, кесипкөйлүгүңүз, принципиалдуулугуңуз менен белгилүүсүз. Сиздин  чебер жетекчилик тажрыйбаңыз бизге чоң ийгиликтерге жетишүүгө жардам берет. Өлкөбүздүн энергетикасынын тагдырына сиздин кийинки катышууңуз анын өнүгүп-өсүшүнө түрткү болооруна ишенебиз.  Сиздин кунт мамилеңиз үчүн  Республиканын бардык чөйрөлөрү, өзгөчө энергетика, бекемдеп жатат. 

Энергетиктерге кылган өзгөчө мамилеңиз жана көрсөткөн жардамыңыз үчүн Сизге, Улуу урматтуу Алмазбек Шаршенович, ыраазычылыгыбызды билдиребиз жана Сизди жогору баалайбыз. Сиздин абдан жакшы адамдык касиетиңизге жана чыныгы лидер болгонуңузга чын жүрөктөн таазим этип, көрсөтүп жаткан колдооңуз үчүн чоң ырахматыбызды айтабыз!  

Жакшылыктын үстүндө жүрүңүз, пикирлештериңиздин колдоосу Сизге күч кубат берсин, Сиздин ар тараптуу тажрыйбаңыз, күчтүү саясий эркиңиз жана түгөнгүс күчүңүз Кыргызстандын өнүгүүсүнө жана өсүшүнө кызмат кыла берсин! 

Кудайым кыргыз элине кылган зор кызматыңызда сабырдуулук берип, Сиздин күчүңүздү бекемдесин!  

                     Биз Өлкөбүз менен сыймыктанабыз!

Биз Кыргызстандын лидери - Сиз менен сыймыктанабыз!

Терең урматтоо жана ак ниетибиз менен, Кыргызстан энергетиктеринин атынан,

 

 

Кыргыз Республикасынын

Энергетиктеринин ардагерлери

                                                    

 

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Новости

Статс-секретарь Фонда по управлению государственным имуществом при Правительстве Кыргызской Республики Илияз Ташбаев представил коллективу Национального энергохолдинга назначенного Председателя Правления Айтмамата Назарова.

Сегодня Бишкекский городской суд отклонил исковое заявление бывшего генерального директора ОАО «Чакан ГЭС» А. Осмонжанова о признании его увольнения незаконным, восстановлении на должности и выплате компенсации за заработную плату и моральный ущерб. 

В рамках объявленного Правительством трехмесячника по благоустройству, санитарной очистке и озеленению территорий городов и населенных пунктов республики сотрудниками Национального энергохолдинга был проведен субботник на территории Нижне-Чуйской специализированной школе-интернат.